«ТҮРКСОЙ — 30» ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР ТАНДАЛДЫ

  • 15.05.2023
  • 0

"ТҮРКСОЙ - 30" ЭҢ МЫКТЫ ДИЛБАЯНДАР ТАНДАЛДЫ

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата “ТҮРКСОЙ — түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” деген аталышта эң мыкты дилбаяндардын сынагынын жыйынтыгы чыкты.

Сынактын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 1-12-мартка чейин Кыргыз Республикасындагы мектептердин 13-15 жаштагы окуучулары катышты.

Сынакка келип түшкөн 300дөй дилбаян Билим берүү жана илим министрлигинде түзүлгөн калыстар тобу тарабынан каралып, биринчи этаптагы тандоодон өткөн эң мыкты он дилбаян ТҮРКСОЙГО жиберилди.

 Дилбаяндар сынагынын Кыргызстан боюнча жеңүүчүлөрү болуп төмөндөгү окуучулар табылды:

  1. Абдималикова Аида, №68 гимназия мектеби, Бишкек шаары;
  2. Жумагазиева Канышай, №67 окуу-тарбия комплекси, Бишкек шаары;
  3. Кушбакова Айбийке, Сыдыков атындагы №72 мектеп Бишкек шаары;
  4. Шаршенова Сейил, №21 жалпы орто мектеби, Бишкек шаары
  5. Алмасбекова Гулиза, С.Мурзакматов атындагы орто мектеп, Ат-Башы району, Бирлик айылы;
  6. Эсенгелдиева Сезима, №4 гимназия, Балыкчы шаары;
  7. Тухтабаева Аслинисо, №11 мектеп-лицей, Токмок шаары;
  8. Аделя Капарбекова, Туура-Суу айылындагы Сагынтай орто мектеби, Тоң району;
  9. Аскарбеков Улукбек, №8 У.Абдукаимов атындагы орто мектеби, Бишкек шаары;
  10. Полобаева Айза, №4 Коксал Топтан атындагы мектеп, Кызыл-Булак айылы, Кадамжай району, Баткен облусу.

Конкурска катышкан бардык окуучуларга ыраазычылык айтабыз.

ТҮРКСОЙ конкурстун шарттарына ылайык, ар бир өлкөдөн тандалган он окуучунун ичинен үчөө тандалып, жеңүүчү болуп табылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер