ТҮРКСОЙ ЭЛ АРАЛЫК УЮМУНУН БАШ КАТЧЫСЫ ОШМУДА

  • 21.02.2019
  • 0

20-февралда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Дүйсен Касеинов, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жана тиешелүү өкүлдөрү Ош мамлекеттик университетинде болушту.

ТҮРКСОЙ ЭЛ АРАЛЫК УЮМУНУН БАШ КАТЧЫСЫ ОШМУДА

Жолугушууда коноктор университет менен жакындан таанышып, ректор Каныбек Исаков менен жолугуп, Ош шаарындагы эл аралык деңгээлде өтүүчү иш-чаралар боюнча пикир алышышты. Андан сон Дүйсен Касеинов баштаган делегация университеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер менен баарлашты. Анда Дүйсен Касеинов Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяландыгын, Ош шаарына атайын куттуктап келгендигин айтты. Ошондой эле Ош мамлекеттик университети да билимдин, маданияттын, илимдин очогу катары Ош шаарында апрель айында белгиленүүчү эл аралык деңгээлдеги иш-чарага жогорку даярдык менен катышууга, көмөктөшүүгө даяр экендигине ыраазычылык билдирип өттү. Быйылкы жылы жыл бою эл аралык иш-чаралар Ошто уюштурула тургандыгына токтолду.

ТҮРКСОЙ ЭЛ АРАЛЫК УЮМУНУН БАШ КАТЧЫСЫ ОШМУДА

Кожогелди Култегин ТҮРКСОЙ тарабынан буга чейин 2014-жыл – Токтогул Сатылганов жылы, 2016-жыл – Жусуп Баласагын жылы, 2018-жыл – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланып, бир топ алгылыктуу иштер жүргөндүгүн айтып, быйыл ошондой масштабдуу иш-чаралар Ошто өтө тургандыгын, бул уюштуруу иштеринде Ош мамлекеттик университетинин жалпы жамааты чоң колдоо көрсөтүп, көмөктөшүп жаткандыгын белгиледи.

ТҮРКСОЙ ЭЛ АРАЛЫК УЮМУНУН БАШ КАТЧЫСЫ ОШМУДА

Каныбек Исаков ОшМУнун жамааты да Ош шаарынын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” болгондугуна сыймыктануу менен бул багытта түрдүү иш-чараларды мерчемдеп, жыл бою бардык иш-аракеттерге жалпы жамаат жигердүү катышууга даярдыктар жүрүп жатканын, жыл ичинде түрк элдеринин каада-салтын, тарыхын, маданиятын чагылдырган бир топ эл аралык илимий, маданий, спорттук иш-чаралар, фестивалдар, жолугушуулар өткөрүлөрүн кошумчалады.

Коноктор эл аралык иш-чараны уюштурууда Ош мамлекеттик университетинин салымы жогору боло тургандыктарын айтышып, университеттин бул багыттагы даярдыктарына баам салды. Ошондой эле Ош улуттук оркестринин даярдыктары менен таанышты.

Кыргызстандын шаары биринчи жолу “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылды. Бугай чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казань жана башка шаарларды “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялаган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер