ТҮРКИЯНЫН ЖУРНАЛИСТТЕР КОНФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ КЫРГЫЗСТАНДА

  • 22.06.2021
  • 0

Түркиянын Журналисттер конфедерациясынын төрагасы Мевлут Йени баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен бүгүн, 22-июнда, келди. Делегацияны “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов, «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Тулегенов, “Тил жана маданият” гезитинин редактору Эльвира Какиева жана ЖК Басма сөз кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова тосуп алды.

Делегация иш сапардын алкагында “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барды. Анда коноктор 1916-жылы “Үркүндө” каза болгондордун жаркын элесине жана 1930-жылдардагы репрессиянын курмандыктарына арналган мемориалга, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүлчамбар коюшту. Андан тышкары маркумдардын арбагына багышталып куран окулду. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы үй-музейи менен таанышып чыгышты.

Мындан сырткары, кийинки күндөрү сапардын алкагында делегация төрага Мамытов Талант менен жолугат. Ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университети, К.Карасаев атындагы БГУ, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК), Кыргыз улуттук «КАБАР» маалымат агенттиги, «Журналисттер» коомдук бирикмеси, “ЖМКны колдоо фонду” басмаканасын кыдырышып, бир нече макулдашууларга кол коюу күтүлүүдө.

Сапардын максаты —  түрк тилдүү мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстан менен болгон алака-катышты бекемдөө, ошондой эле эки элдин достугу, маданияты, билим берүү тармагы, журналистика жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу, инвестиция салуу боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Бул делегация «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов менен Анталиядагы Кыргызстан аялдары жана жеке ишкерлер коомунун жетекчиси Периза Асанаалиеванын чакыруусунда келди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер