ТҮРКИЯЛЫК КОНОКТОР ЭАУДА БОЛУШТУ
- 24.04.2019
- 0
Ош шаарында өткөн «Ош — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аттуу иш-чаранын алкагында Жалал-Абад шаарында өткөн этнофестивалдын Түркиядан келген коноктору жана катышуучулары К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте да болуп, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун ишмердиги менен жакындан таанышышты.
Меймандардын тизмесинде Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысынын орун басары профессор Фырат Пурташ, кеңешчиси Санжар Мүлазымоглу, Анкара шаарынын Этимескут шаар башкармалыгын вице-мэри Алаатдин Сонат ж.б. бар.
Бөлүшүү
Комментарийлер