ТҮРКИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА 120 ДАРЫГЕР КЕЛДИ

  • 13.07.2023
  • 0

Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди. Алар органдарды алмаштыруу боюнча операция жасашат.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров көптөгөн кыргызстандыктардын бөйрөк, боор сыяктуу органын алмаштыруу үчүн чет жакка чыгып, бир топ акча коротуп жүргөнү түйшөлтүп келген.

Мындан улам ал Кыргызстанда трансплантация процессин жолго коюу боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалмакчы. Биринчи операция август айына белгиленген.

Түркиялык хирургдар жергиликтүү кесиптештерин окутат. Түркияда 25 миң доллардан жасалган операциянын Кыргызстандагы баасы 7 миң доллардын тегерегинде болору айтылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер