ТҮРКИЯДАГЫ МЕЛДЕШТЕГИ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ

  • 11.03.2024
  • 0

7-мартта Түркиянын Анталья шаарында башталган   «Ясар Догу» эл аралык грек-рим күрөшү, кыз-келиндер жана эр азаматтар эркин күрөшү боюнча мелдеши 10-мартта жыйынтыкталды.

ТҮРКИЯДАГЫ МЕЛДЕШТЕГИ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ

Турнирде эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандарыбыз мыкты жыйынтык көрсөтүп, 7 медаль: 3 алтын жана 4 коло утуп алышты. Мелдештин баш байгелерине Бекзат Алмаз уулу (57 кг чейин), Улукбек Жолдошбеков (65 кг) жана Эрназар Акматалиев (70 кг) ээ болду. Коло байгелер Алмаз Сманбеков (57 кг чейин), Бекболот Мырзар уулу (57 кг чейин), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг чейин) жана Орозбек Токтомамбетовго (74 кг чейин) ыйгарылды. Жыйынтыгында Кыргызстан балбандар курамасы жалпы эсепте Иран өлкөсүнүн курамасынан кийинки 2-орунду ээледи. Үчүнчү орунду Монголиянын командасы камсыз кылды.

Эркин күрөш тарыхтына баам салсак  Руслан Маджинов Кыргызстандын  курама командасына башкы машыктыруучу болуп келгенге чейин “Ясар Догу” турниринин алты жеңүүчүсү болгон.  Эгемендик алганы гана Кыргызстан эл аралык турнирлерге катышып, 1993-жана 1996-жылдары ушул мелдеште күмүш медалдын ээлери Кенжебек Өмүралиев менен Нурбек Изабеков болгон. Ал эми коло медалдын ээлери: 1995-жылы Шерзод Юлдашев, 2000-жылы Алмазбек Аскаров менен Мирлан Молдалиев жана 2008-жылы Базар Базаргуруев болушкан.

Ошентип, Кыргызстанга биринчи жолу башкы машыктыруучу Руслан Маджиновдун келиши менен 2015-жылы Ясар Догу турниринде Айаал Лазарев финалга чейин жетип, күмүш байге уткан.

Ал эми 2017-жылдагы бул турнирдин биринчи жеңүүчүсү Муслим Евлоев болгон. 2021-жылы турнирдин алтын медалын 65 килограммга чейинки салмак ченинде финалда Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов беттешип, аз упай менен Алибек утуп алган. Ал эми ошол жылы коло байге ээлери Бекболот Мырназар уулу (57 кг чейин) менен Улукбек Жолдошбеков (61 кг чейин) болушкан. 2022-жылы 57 килограммга чейинки категорияда турнирдин жеңүүчүсү Алмаз Сманбеков болсо, коло байгеге Улукбек Жолдошбеков (61 килограммга чейин), Исламбек Орозбеков (74 килограммга чейин) жана Арсалан Будажапов (79 килограммга чейин) татыктуу болушкан.

Апрель айында Бишкекте өтө турган Олимпиадалык квалификациялык турнирде эркин күрөш боюнча балбандарыбыз күйөрмандарды капа кылбай, Париждеги Олимпиада оюндарына эки-үч жолдомо алып калышат деп ишенип, үмүт кылып туралы.

ТҮРКИЯДАГЫ МЕЛДЕШТЕГИ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ

Кыргызстандык белгилүү балбан, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Түркиядагы турнирде грек-рим күрөшү боюнча алтын медаль утуп, табында экенин далилдей алды.

Жоламан Шаршенбеков килем бетинде 60 килограмм салмакта күрөшүп, финалга чейин казакстандык, түркиялык, өзбекстандык спортчуларды уткан. Ал эми чечүүчү кармашта ирандык балбанды жеңип алды.

Бул ирет калыстардын айынан дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов байгелүү орунга илинбей калды.

Автандил Таалайбек уулу (63 кг) менен Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байгеге татыктуу болушту. Грек-рим күрөшү боюнча  жалпы командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунду камсыз кылды.

Ошондой эле кыз-келиндер эркин күрөшүндө өлкөбүздүн намысын дүйнөнүн үч жолку, Азиянын беш жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш медалы ээси Айсулуу Тыныбекова коргоп, бардык атаандаштарын жеңип, баш байгени утуп алды.ТҮРКИЯДАГЫ МЕЛДЕШТЕГИ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ

ТҮРКИЯДАГЫ МЕЛДЕШТЕГИ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ

62kg WW — Aisuluu Tynybekova (KGZ)

ТҮРКИЯДАГЫ МЕЛДЕШТЕГИ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫНЫН ЖЕҢИШТЕРИ

 Жаштар арасында дүйнө чемпиону, Азия чемпиону Айпери Медет кызы аталган мелдештен  76 килограмм салмакта бардык аттандаштарын жеңип, биринчи орунду камсыз кылды.

Келечегинен үмүткөр кылган Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер