ТҮРКИЯНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

  • 15.01.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына карата «Түркиянын стипендиясы» 2021 программасынын алкагында Түркия Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталганын маалымдайт.

«Түркиянын стипендиясы» 2021 стипендиялык программасына  өтүнмөлөрдү кабыл алуу:

  • Өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2021-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин;
  • Өтүнмөлөр билим берүүнүн бардык академиялык деңгээлдерине кабыл алынат (бакалавриат, магистратура жана докторантура);
  • Программага катышуу үчүн талапкерлер www.turkiyeburslari.gov.tr сайтында өтүнмөнүн электрондук формасын толтуруп жана системага керектүү документтерди жүктөөсү керек;
  • Жеке өзү берген же почта боюнча жөнөтүлгөн өтүнмөлөр кароого кабыл алынбайт. Өтүнмө берүү үчүн акы алынбайт.

Маалымат үчүн Кыргыз Республикасындагы Түркия Элчилигинин Билим беруу кеңешчилигине 0312 627312 байланыш телефон акрылуу кайрылыңыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер