ТҮРКИЯ-КЫРГЫЗСТАН: ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

  • 20.02.2020
  • 0

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун «Жайлоо бала бакчалары — өнүгүү борборлору» долбоорунун өрнөктүү өнөктөштөрү, педагогдору 2020-жылдын 16-22-февралдарында Түркүя мамлекетинде иш сапарында.

ТҮРКИЯ-КЫРГЫЗСТАН: ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ

Иш-чаранын максаты — Түркиянын билим берүү системасы, айрыкча, айыл жергесиндеги кенже курактагы балдарды өнүктүрүү тажрыйбалары, инновациялык жетишкендиктери менен таанышуу.

  • Ар бир күн таң калуулар, сыймыктануулар менен коштолууда. Кучукчекмедже муниципиалдык бала бакчасында колдонсо боло турган тажрыйбалардан айтай кетейин:

️- Балдар урушуп,та лашып калса бөлмөнүн сыртында «жарашуу столунда» жарашып алганча отурушат.

— Бакчага келе албаган балдар үчүн көчмө бакча (выездные садики) жумасына 1-2 жолу кварталдарга келишим менен чыгып турат.

— Балдар ар кандай тартууларды өздөрү тарбиячынын көзөмөлүндө жасайт, — дейт делегациянын мүчөсү, Баткен облусунун координатору Арзыбаева Азаада.

Бул иш сапарды «Түрк дүйнөсү» муниципалитеттердин биримдиги жыл сайын колдоп келет (TDBB).

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер