«ТҮРК ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛДЕРИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ» ПОРТАЛЫ АЧЫЛДЫ

  • 24.04.2019
  • 0

10-апрелде  Кыргыз-Түрк  «Манас» университетинде «Кыргыз жана түрк тилдерин аралыктан окутуу программасынын»  ачылыш аземи  болуп, деңгээлдер боюнча даярдалган «Алтын кѳпүрѳ» окуу топтомдорун порталга коюунун жүрүшү жана келечеги талкууланды.

«ТҮРК ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛДЕРИН АРАЛЫКТАН ОКУТУУ» ПОРТАЛЫ АЧЫЛДЫ

Иш-чарада КТМУнун ректору Себахаттин Балжы учурда дүйнѳдѳ тилдердин жашап калуу же ѳлүп жок болуу күрѳшү жүрүп жатканда жалпы эле түрк тилдерин мындай ыкчам ыргак менен техникага салып үйрѳтүү кызматтары абдан керектигин жана пайдалуу болорун  баса белгиледи. Биринчи проректор А.Кулмырзаев мындан 20-30 жыл мурда кыргыз тили мамлекеттик статус алып, алгач окутуп-үйрѳтүү иштери башталган мезгилде кѳптѳгѳн кыйынчылыктар, методикалык жетишсиздиктер болуп келгендигин белгилеп, учурдагы ийгиликтер  мамлекеттик тилди окуп үйрѳнүүнү тездете турган баалуу методикалык ѳбѳлгѳ экендигине токтолду.

Профессор Н.Ишекеев азыркы тилдердин жашоого болгон атаандашуусу жана  техникалык доордо  санариптештирүү, жасалма интеллектуал жараяндары улам турмушубузду каптап келе жаткан шартта ошол процесстерге жандуу аралашып, түрк тилдерин тез жана жеңил үйрѳнүүнүн шарттары менен мүмкүнчүлүктѳрүн колго алып, алгачкылардан болуп ишке ашырып жаткан окуу жайдын жетекчилигине жана Чет тилдер жогорку мектебинин жамаатына ыраазычылык билдирди.

«Алтын кѳпүрѳ» окуу топтомдорун  порталга даярдоонун жана  коюунун  башкы жетекчиси, ага окутуучу  Мүхиттин Гүмүш ѳз сѳзүндѳ: «Аралыктан окутууда тил үйрөнүүчүлѳр атайын курска жазылып, убактысын кетирип, тил үйрөтүү дарсканаларына келип отурбастан эле компьютердин башында отуруп, өз алдынча тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун белгилеп, тил үйрөнүүнүн мындай жолу санарип жана заманбап техникалар аркылуу ишке ашарын,  аралыктан окутуу сабактары жандуу, аудио жана видео формасында даярдалганын, тил үйрөнүүнү каалаган учурда, каалаган жерде жана каалашынча сабактарды кайра-кайра көрүп, маалымат алуу менен бирге тилдерди  тез жана оңой үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болорун  баяндады.

Аралыктан окутууда тил үйрөнүүчү атайын курска жазылып, убактысын кетирип, тил үйрөтүү дарсканаларына келип отурбай эле компьютердин башында отуруп, өз алдынча тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Тил үйрөнүүнүн мындай жолу санарип жана заманбап техникалар аркылуу ишке ашат. Аралыктан окутуу сабактары жандуу, аудио жана видео формасында даярдалды. Тил үйрөнүүчү каалаган учурда, каалаган жерде жана каалашынча сабактарды кайра-кайра көрүп, маалымат алуу менен бирге тил үйрөнө алат. Булар билим берүүнүн рационалдуу, заманбап жана инновациялык системасы болуп саналат.

Үстүбүздөгү окуу жылынын башынан бери 140 видео, 150 аудио тексттери жазылды. Аудио жана видеолорду жаздырууда университеттин студенттери, кыргыз тил координаторлугунун окутуучулары жигердүү катышты. Тил үйрөнүүнү каалагандар  altinkopuro.manas.edu.kg дарегине кирип, виртуалдуу билим алуу мүмкүнчүлүнө  ээ боло алат. Сабактар Европа партфолиосунун талаптарына ылайык даярдалып, тил үйрөнүүчүлөрдүн кенен аудиториясына сунушталат.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер