ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨНГӨНДӨР СЕРТИФИКАТТАРГА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 11.01.2021
  • 0

Жакында Ысык-Көл облусундагы түрк тили курстарын ийгиликтүү аяктаган угуучуларга сертификаттар тапшырылды.

ТҮРК ТИЛИН ҮЙРӨНГӨНДӨР СЕРТИФИКАТТАРГА ЭЭ БОЛУШТУ

Сертификат тапшыруу аземин ЫМУнун ректору Аскар Иманбаев ачып, угуучуларды курсту ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. 2020-2021-окуу жылында түрк тилин үч группада 40 угуучу окуду. Ага ЫМУнун окутуучулары, студенттери, Ысык-Көл облусунун мектеп окуучулары жана Каракол шаарынын тургундары катышты. Курсту TÖMER түрк тилин окутуу борборунун окутуучу-волонтеру Мехмет Али Каплан окутту.

Аталган курс Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана TÖMER түрк тилин окутуу борборунун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде 2019-2020-окуу жылынан баштап Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн бекер өтүлүп келе жатат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер