ТҮРК КЕҢЕШИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ОШМУНУН СТУДЕНТТЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 18.09.2021
  • 0

Делегация өкүлдөрү «Өзгөн-Мунара-2021» этно-фольклордук форумуна катышуу үчүн келип, анын алкагында окуу жайда жолугушуу өткөрдү.

Анда Имам Сарахсинин эмгектерин которгон аалым, философия илиминин доктору, профессор Мустафа Жеват Акшит, Имам Сарахси эл аралык фондунун Президенти Мехмет Акшит, Евразия жазуучулар союзунун Президенти Якуб Омароглы өзүнүн илим жолунда басып өткөн жолу, тажрыйбалары менен бөлүшүп, насааттарын айтты. Мындан сырткары Имам Сарахси атындагы фонд менен университеттин, анын ичинде Теология факультети менен жакындан кызматташуу багытында сөз болуп, магистратура, PhD докторантурага студенттерди жиберүү боюнча макулдашылды.

Өзгөн шаарында 17-сентябрь күнү эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган»Өзгөн-Мунара-2021″ этно-фольклордук фестивал өттү. Фестивал жер-жерлердеги тарыхый мурастарды даңазалоо, жергиликтүү элдин руханий жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, улуттук маданий мурастарды жайылтып, элге жеткирүү максатында уюштурулган. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган жетекчилер, тарыхчылар, изилдөөчүлөр, маданият ишмерлери, дүйнөлүк уюмдардан өкүлдөр катышты.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер