“ТҮРК ЭЛДЕР ДОСТУГУ”  

  • 25.02.2019
  • 0

 Ушундай аталыштагы адабий кече 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Н.Исанов атындагы  Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде болуп өттү.

“ТҮРК ЭЛДЕР ДОСТУГУ”  

Иш-чаранын   коногу  Евразия жазуучулар биримдиги, Кыргызстан Эл аралык адабият академиясынын  жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү ж.б. бир катар сыйлыктардын ээси, акын, котормочу  Ибрагим Түркхан менен бирге Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил секторунун башчысы  Ибраимова Гүлнара, Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын башкы адиси Мундузбек Абдыжапаров болду. Анда Ибрахим Түркхандын өмүрү чыгармачылыгы боюнча, кыргыз адабиятына кошкон салымы туурасында студенттерге маалымат берилип, обондуу ырларынан   аткарылды. Университеттин ар түрдүү улуттагы студенттери да акындын ырларынан көркөм окушту.

Жыйынтыгында акын Ибрахим Түркхан университеттин “Сооронбай Жусуев” атындагы мамлекеттик тил борборуна жана студенттерге  “Алыкулдын изи менен”, “Ысык-Көл сени сүйдүм”, “Ч.Айтматов. Күн сайын адам болуу” деп аталган кыргыз тилинде чыккан китептерин белекке берди. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер