ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТАРБИЯЛЫК МУРАСЫ: ОРТОК ТАМЫР, ОРТОК БААЛУУЛУК

  • 29.04.2026
  • 0

Түрк дүйнөсү дегенде биз көбүнчө кең талааларды, байыркы тарыхты, улуу мамлекеттерди, дастандарды жана орток маданий мурастарды элестетебиз. Бирок бул улуу дүйнөнүн эң терең тамыры – адам тарбиялоо маданиятынын тектештигинде жатат. Анткени ар бир элдин руханий жүзү, улуттук мүнөзү жана келечекке болгон ишеними анын жаш муунду кандай тарбиялаганынан көрүнөт.

ТҮРК ДҮЙНӨСҮНҮН ТАРБИЯЛЫК МУРАСЫ: ОРТОК ТАМЫР, ОРТОК БААЛУУЛУК

Ушул өңүттөн алганда, жакында Анкара шаарында жарык көргөн «Түрк дүйнөсү этнопедагогикасы» аттуу көлөмдүү эмгек (2026, 934 бет) түрк элдеринин руханий, маданий жана педагогикалык биримдигин илимий негизде ачып берген олуттуу окуя катары бааланууга татыктуу.

Бул фундаменталдуу эмгек түркиялык окумуштуулар — доцент, доктор Икрам Чынар, доктор Минара Алиева Чынар жана кыргыз илимпозу, профессор Акматали Алимбеков баштаган демилгечилердин катышуусунда ишке ашкан эл аралык долбоордун жыйынтыгы болуп саналат.

Китепте азербайжан, казак, кыргыз, түркмөн, өзбек, кырым жана казан татарлары, чуваш, каракалпак, башкыр, Анадолу жана Ахыска түрктөрү, Грузиядагы Борчалы түрктөрү, ошондой эле саха-якут тобуна жакын долган түрктөрү сыяктуу түрк тектүү элдердин кылымдар бою топтогон тарбиялык тажрыйбасы кеңири талдоого алынган. Анда бала тарбиялоо салттары, элдик педагогикалык көз караштар жана каада-салттар илимий негизде системалаштырылып берилген.

Эмгектин көлөмдүү бөлүмдөрүнүн бири кыргыз этнопедагогикасына арналган. Бул бөлүмдү профессор Акматали Алимбеков даярдап, анда кыргыз элинин элдик тарбия тажрыйбасы, педагогикалык ой жүгүртүүсү жана каада-салттар аркылуу калыптанган адептик, эмгектик, эстетикалык жана руханий баалуулуктары кеңири чагылдырылган.

Китептин кириш сөзүндө ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев бул эмгекке жогору баа берип:

«Бул эмгек жөн гана изилдөө китеби эмес, түрк дүйнөсүнүн билим-тарбия мурасы катталган маданий эс тутум китеби», — деп белгилеген.

Чындыгында, «Түрк дүйнөсү этнопедагогикасы» — түрк тилдүү элдердин тарбиялык мурасын бириктирген, алардын орток руханий тамырларын илимий негизде ачып берген жана маданий биримдикке кызмат кылган баалуу эмгек. Бул китеп келечек муун үчүн да, илимий чөйрө үчүн да маанилүү педагогикалык көпүрө болуп калары шексиз.

Калбүбү Таирова

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

педагогика кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты

Бөлүшүү

Комментарийлер