Түрк дүйнөсүнүн билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө багытталган кадам

  • 08.06.2026
  • 0

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 2026-жылдын 7–8-июнунда Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин IX жыйынына катышты.

Түрк дүйнөсүнүн билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө багытталган кадам

Жыйында билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, билим берүү системасына заманбап технологияларды киргизүү, академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүү жана түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өзгөчө көңүл «Түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү мейкиндигин» түзүү демилгесине бурулуп, билим берүү стандарттарын шайкеш келтирүү, сапатты камсыздоону жакшыртуу жана дипломдорду өз ара таануу механизмдерин жеңилдетүү маселелери каралды. Ошондой эле студенттер менен окутуучулардын алмашуу программаларын кеңейтүү, «Боордош мектептер» долбоорун өнүктүрүү жана ТМУнун Маалыматтык тармагын түзүү боюнча сунуштар талкууланды.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Догдуркүл Кендирбаева түрк мамлекеттерин жалпы тарых, тил жана маданий баалуулуктар бириктирерин белгилеп, санариптик трансформация, жасалма интеллект технологияларынын өнүгүшү жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр шартында билим берүү тармагындагы өнөктөштүктү чыңдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Түрк дүйнөсүнүн билим берүү мейкиндигин кеңейтүүгө багытталган кадам

Министр Кыргызстан билим берүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө, тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү жаш муунду тарбиялоого багытталган биргелешкен демилгелерди мындан ары да колдоого даяр экенин билдирди.

Кыргызстандын аталган жыйынга катышуусу түрк мамлекеттеринин ортосундагы билим берүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө жана бир тууган элдердин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер