ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН VI ИЛИМИЙ КЕҢЕШМЕСИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 28.03.2023
  • 0

Иш-чара Түрк Академиясынын президенти Шахин Мустафаевдин жана Илимий кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин төрагалыгы астында өттү.

ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН VI ИЛИМИЙ КЕҢЕШМЕСИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Кеңешмеге Түрк Академиясынын Президенти Шаин Мустафаев, Азербайжан Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Идрис Исаев, Түрк Республикасынын Улуттук билим берүү министринин Джихад Демирли, Казакстандын Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин илимий кеңешинин төрагасы Дархан Ахмед-Зеки, Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги жана  боордош өлкөлөрдөгү билим берүү жана илим үчүн жооптуу ведомстволордун өкүлдөрү, эксперттери катышты.

ТҮРК АКАДЕМИЯСЫНЫН VI ИЛИМИЙ КЕҢЕШМЕСИ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • Түрк Академиясына төрагалык кылуу чоң жоопкерчилик жана сыймык. Бул ишти татыктуу деңгээлде алып барууга аракеттенебиз. Түрк эли тамырыбыз, тарыхыбыз, тагдырыбыз, келечегибиз да бирбиз. Мына ошол улуу балуулуктарды жаңы деңгээлге көтөрүүдө Түрк Академиясы зор иштерди жасоодо. Академия түрк тилдүү өлкөлөрдүн илим, билим багытындагы кызматташтыгынын жаңы ордосу болуп калды. Дүйнөдө түрк тилдүү калктын саны 150миллион болсо, бөлөк өлкөлөрдө жашаган биздин боордошторду кошуп эсептегенде, кучагыбыз андан да кенен. Тарыхыбыз бай. Түрк академиясынын VI кеңешмеси жаңы идеялар, долбоорлор, сунуштар  менен биздин кызматташтыкты дагы бир жаңы деңгээлге көтөрөт деген чоң ишенимдемин. Быйылкы иш-чараларга кыргыз элинин агартуучусу, акын Молдо Нияздын 200жылдыгын белгилөө да киргизилиптир. Абдан ыраазыбыз! Бул салтанатты бийик деңгээлде өткөрүүгө бардык аракетибизди жумшайбыз. Түрк дүйнөсүнүн асманында жанып турган улуу ысымдар бар, алар сиздерге тааныш, бирок биз дагы да кайталап турушубуз керек. Алар түрк дүйнөсүнүн бийиктигин даңазалайт, улуу кызматташтыктын үлгүсүн көрсөтүп келет, — деди билим берүү жана илим минитстри Каныбек Иманеалиев.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин төрагалыгы алдында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында, Түрк академиясынын негизги илимий багыттарын ишке ашыруу боюнча Протокол кабыл алынды. 2023-жылга карата түрк дүйнөсүнүн маанилүү даталарынын бекитилгенин жана ошонун алкагында быйыл кыргыздын ойчул акыны, агартуучусу Молдо Нияздын 200 жылдыгы белгилене турганын кошумчалады.

Айгерим Токтобаева “КУТ БИЛИМ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер