ТӨРАГА НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ: “МАМЛЕКЕТ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНАН ЭЧ НЕРСЕНИ АЯБАШЫ КЕРЕК”

  • 07.02.2024
  • 0

ТӨРАГА НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ: “МАМЛЕКЕТ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНАН ЭЧ НЕРСЕНИ АЯБАШЫ КЕРЕК”

5-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев 8-13-январь күндөрү Алматы шаарында өткөн XX Эл аралык Жаутыков (IZHO) олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучуларды жана алардын мугалимдерин кабыл алды.

Алгач Төрага Нурланбек Шакиев былтыр да аталган олимпиаданын жеңүүчүлөрүн кабыл алып, сыйлыктарды тапшырганын эске салып: “Быйыл да биздин окуучулар эл аралык мелдеште ийгилик жаратканы чоң сыймык. Бул жеңиштер башка балдарды да шыктандырып, окуучуларыбыздын олимпиадаларда байгелүү орундарды багынтуусуна түрткү берет”,– деди.

Муну менен катар билим берүү тармагында жасалып жаткан реформаларга токтолуп: “Билимдүү коом менен гана бакубат, өнүккөн өлкөнү кура алабыз. Келечек ээлерине татыктуу таалим-тарбия берүү мамлекетибиздин башкы максаты. Андыктан, билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган бардык реформаларды жана долбоорлорду колдойбуз. Балдарыбыздын жакшы билим алуусу үчүн кам көрүп, алардан эч нерсени аябашыбыз керек”,– деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, агартуучулар олимпиадага катышуу үчүн керектүү каржыны табуу кыйынчылык жаратарын, бардык чыгымды окуучулардын ата-энелери жана айрым демөөрчүлөр көтөрүп келе жатканын белгилешти.

Төрага аталган маселеге олуттуу көңүл буруп, кийинки жылдан тарта Жаутыков (IZHO) олимпиадасына катышууну каалаган окуучуларга Жогорку Кеңештин атынан каржылык колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Ошондой эле ийгилик жараткан окуучулар арасында дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырууну каалагандар болсо, Төраганын резервдик фондунан керектүү жардамдар берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары, олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимдердин тажрыйбасын башка мектептерге, айрыкча аймактардагы билим берүү мекемелерине жайылтуу зарылчылыгын белгилеген Төрага: “Күчтүү аймак – күчтүү өлкө. Буга байланыштуу аймактарды да өнүктүрүү үчүн ал жактагы билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө көңүл бурушубуз керек”, – деди.

Ал эми жолугушууга катышкан Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы, депутат Винера Раимбачаева парламент үчүн да билим берүү тармагы артыкчылыкка ээ экенин айтып, аны өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелер депутаттар тарабынан колдоого ээ болуп келе жатканын маалымдады.

Андан сырткары, депутат Жанарбек Акаев окуучулар жана мугалимдер менен өткөрүлгөн мындай жолугушуулар салтка айланып келе жатканын белгилеп: “Буга чейин башка тармактарда ийгилик жараткандарга гана көңүл бурулуп, билим берүү жаатында байгелүү орунду багынткандар көз жаздымда калып келген. Бирок Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев калыптанган көрүнүштү өзгөртүп, билими менен ийгиликке жеткен окуучуларга өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү жолугушу мунун анык мисалы”, – деди.

Кошумчалай кетсек, жолугушуунун соңунда Төрага мугалимдерге жана окуучуларга баалуу белектерди тапшырды.

Алсак, окуучулар арасында информатика, физика жана математика сабактары боюнча өтүүчү Жаутыков (IZHO) олимпиадасы 2005-жылдан бери өткөрүлүп келет. Кыргызстандын окуучулары аталган олимпиадага акыркы жети жылдан бери катышууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер