ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ — ТАРЫХЫЙ ЖАНРДЫН УЛУУ ЧЕБЕРИ

  • 16.01.2021
  • 0

2021-жылдын 15-январында Кербен шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, кара сөздүн каймагын калпыган талант Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына карата «Тарыхый чыгармаларга чыйыр салган инсан» аттуу илимий конференция болуп өттү.

ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ - ТАРЫХЫЙ ЖАНРДЫН УЛУУ ЧЕБЕРИ

 

Кербен шаарындагы №35 Т. Үмөталиев атындагы орто мектебинин директору Узен Атахановдун бизге берген маалыматына караганда, тарыхый жанрдын улуу чеберине арналган бул иш-чарага Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Абдылдаева Д.С., белгилүү акын жана жазуучу, көптөгөн сыйлыктардын ээси, Жазуучулар союзунун мүчөсү, таланттуу калемгер Абдымомун Калбаев, Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жана Кербен мэриясынын адистери, Кербен шаарындагы жана Кашка-Суу айыл аймагындагы мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери, мектеп окуучулары катышты.

ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ - ТАРЫХЫЙ ЖАНРДЫН УЛУУ ЧЕБЕРИ

Конференцияда жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы, чыгармачылык бөтөнчөлүгү боюнча докладдар окулуп, талкуулар уюштурулду. Видео түрмөктөр көрсөтүлүп, конференция кызыктуу жана натыйжалуу өттү.

ТӨЛӨГӨН КАСЫМБЕКОВ - ТАРЫХЫЙ ЖАНРДЫН УЛУУ ЧЕБЕРИ

Райондогу Т. Үмөталиев жана Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептердин мугалимдеринин аракети менен жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча дубал гезиттер, буклеттер жана китеп көргөзмөсү уюштурулду.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер