ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН 110 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТӨТ

  • 10.05.2022
  • 0

Эртең Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган “ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ: КЕЧЭЭ ЖАНА БҮГҮН” аттуу республикалык илимий-практикалык конференция Улуттук илимдер академиясында өтөт.

Иш-чара Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Түгөлбай Ата” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулууда.

Түгөлбай Сыдыкбеков – ХХ кылымдын кыргыз адабиятында улуттук жазма адабий прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон заманыбыздын залкар, таланттуу жазуучусу. Ал кыргыздын тарыхын, таржымалын иликтеп, элдик оозеки чыгармачылык мурастарыбыздын, эне тилдин жана улуттук нарк-насилдин нускалуу билерманы катары көркөм адабиятыбыз үчүн эбегейсиз зор салым кошкон. Жазуучунун “Тоо арасында”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары”, “Көк Асаба”, “Бел-Белес” ж.б. көлөмдүү чыгармалары элибиздин руханий жан-дүйнөсүн ачып, дүйнөлүк адабияттын жана маданияттын бир бөлүгү болуп калды.

Иш-чарада Т.Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча жүрүп жаткан илимий изилдөөлөр, жаңы көз-караштар талкууланат. Ага КР Өкмөтүнөн, Билим берүү жана илим министрлигинен, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Тышкы иштер министрлигинен, Улуттук жазуучулар союзунан, ЖОЖдордон окутуучулар, илимпоздор, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, адабиятчылар, ММК өкүлдөрү жана жалпы эле окурмандардын катышуусу күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Комментарийлер