КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУЛАРЫНЫН КИТЕБИ ТҮРК ТИЛИНЕ КОТОРУЛДУ

  • 24.09.2020
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Т. Абдырахманов жана Г. Абдалиеванын калемине таандык “Эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк күрөштөрү жана Үркүндөр” аттуу буга чейин кыргыз тилинде басылып чыккан барандуу китеп, жакында эле  Түркиянын борбору Стамбул шаарында басмадан басылып чыгып, түрк тилдүү окурмандарга сунушталды.

Аталган китепти белгилүү котормочу Динар Иманова менен түрк жараны Булент Өзкуругүденли биргелешип которушкан.  Китепте кыргыздардын эркиндик, теңдик, эгемендүүлүк үчүн падышалык Орусиянын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук көтөрүлүшү, Совет бийлигинин тоталитардык-шовинисттик бийлигине каршы аракеттери жана анын кесепетинен келип чыккан Үркүндөрдүн трагедияга толгон тарыхы чагылдырылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер