СЫЙМЫК МЕНЕН СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН АРАКЕТ

  • 31.03.2022
  • 0

СЫЙМЫК МЕНЕН СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН АРАКЕТ

Сыймык менен сыйлыкка бөлөгөн аракет

Мугалим дайыма изденүү, өзүн-өзү өстүрүү, өнүктүрүү менен алектенген инсан.

2021-2022-окуу жылында Республика боюнча «Санарип мугалим 2 Кыргызстан» сынагы болуп өттү. Бул сынак «Санарип академиясынын” негиздөөчүсү Асылбек Мадалиев тарабынан уюштурулган. Мугалимдер төрт ай бою аталган сынактын тапшырмаларын аткарып келишти. Ар бир облус өз алдынча топто болуп өз-өзүнчө бааланды.

Сынак 2021-жылдын октябрь айында башталып 9-мартта жыйынтыкталды. Сынак беш этаптан турган, стем-олимпиада, китеп окуп тест тапшыруу, онлайн сабак өтүү. Сабактар заманбап технологияны, платформаларды, сайттарды, тиркемелерди пайдаланып өтүлдү. Биринчи өтүлгөн сабактар ютуб каналына жүктөлсө, кийинки сабактар фейсбук баракчасында «Санарип мугалим Кыргызстан» деген хештек менен жүктөлүп жатты.

СЫЙМЫК МЕНЕН СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН АРАКЕТ

Бул сынакка №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинен жети мугалим катышкан. Тогуз-Торо районунан 26 мугалим катышып, жыйынтыгында Жалал-Абад областы боюнча №1 Т.Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалимдери жеңишке жетишти. 1-орунду жеңген, аталган мектептин директору Назгул Атамкулова (Анталья)Туркияга, 2-орундун жеңүүчүсү Аида Сатыбалдиева (Ташкент) Өзбекстан мамлекетине жолдомо утуп алышты.

СЫЙМЫК МЕНЕН СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН АРАКЕТ

Ысык-Көл облусунун Тюп районундагы Ичке-Суу орто мектебинин англис тили мугалими Кокчеева Жылдыз бир жыл мурда өзү “Санарип мугалим” сынагынан жеңүүчү болуп сыйлык алган эле. Быйылкы жылы өтүлгөн сынакта Ысык-Көл жана Чүй облустарынын координатору болуп иштеп, алдыга озгондорго сыйлык тапшырып жатып:

-“Санарип мугалим 2 Кыргызстан” сынагын абдан ийгиликтүү жыйынтыктап алдык. Алгач Асылбек Мадалиев агайыбызга, жаш болсо дагы ушундай демилге көтөрүп, мугалимдерди шыктандырганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз! Ошондой эле баардык катышуучуларды куттуктайм! Баарыңар жеңүүчүсүңөр! Баарыңар мыктысыңар! Сыйлыктар кут болсун! Steam Makers ырахмат, — деп, сөзүн жыйынтыктады.

СЫЙМЫК МЕНЕН СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН АРАКЕТ

Активдүү иш алып баргандыгы үчүн Жылдыз Кокчеева Ысык-Көлгө жолдомо менен сыйланды, ал эми Чүй менен Ысык-Көл областы боюнча сыйлык ээлери:

1-орун Түп району — Байзакова Наргиза, англис тили мугалими — Туркияга жолдомо;

2-орун Жети-Өгүз району — Исабекова Айнура, орус тили мугалими — Ташкентке жолдомо;

3-орун Түп району — Усупбаева Айдай, англис тили мугалими — Ташкентке жолдомого  ээ болушту.

 

СЫЙМЫК МЕНЕН СЫЙЛЫККА БӨЛӨГӨН АРАКЕТ

Андан сырткары алдыңкы он мугалимге төш белги, грамота жана күбөлүктөр ыйгарылды!

Steam olimpiadaнын жыйынтыгында облус боюнча Түп районунан Базаркулова Айгерим Ысык-көлгө жолдомо алды, окуучусу Мусабаева Амина чет өлкөгө олимпиадага  жана жайында лагерге жолдомо. Андан сырткары окуучулар алтын, күмүш, бронза медаль утушту…

А.Acaналиева «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер