СЫЙМЫК! КЫРГЫЗСТАНДЫК НУРКЫЗ ЫДЫРЫСОВА СТЭНФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ БИЛИМ АЛАТ

  • 26.12.2023
  • 0

26-декабрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева дүйнөдөгү мыкты деп таанылган 5 ЖОЖдун катарына кирген Стэнфорд университетине тапшырган Нуркыз Ыдырысова менен жолугушту.

СЫЙМЫК! КЫРГЫЗСТАНДЫК НУРКЫЗ ЫДЫРЫСОВА СТЭНФОРД УНИВЕРСИТЕТИНДЕ ГРАНТТЫК НЕГИЗДЕ БИЛИМ АЛАТ

Нуркыз Ыдырысова Стэнфорд университетинин бакалавриатына тапшырган алгачкы кыргызстандык студент болуп саналат.
Ал техникалык багытта билим алууну көздөп, ракета жана космостук объектилерди куруу боюнча инженер адистигин тандап алган.

Нуркыз Ыдырысова Бишкек шаарындагы №9 мектеп-гимназиясында окуган, учурда Bishkek International School мектебинде билим алууда.

Белгилесек, Стэнфорд университетинин бакалавриатында 4 жылдык окуусу Нуркыз Ыдырысова үчүн гранттык негизде саналат жана окуунун наркы 336 миң АКШ долларына барабар.

Бөлүшүү

Комментарийлер