СЫНАКТАН КАЛБАГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫН БОРБОРУ

  • 07.05.2020
  • 0

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган “Аталардын эрдиктерин данктайбыз” аттуу онлайн фестивалына Кара-Кулжа райондук К.Калдарова атындагы балдар-өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун бардык ийрим мугалимдери, мектеп жамааттары менен биргеликте активдүү катышып жатышат. “Информатика” ийриминин жетекчиси Ы.Маметовдун Өлбөс полк” эстафетасы боюнча даярдаган видеоролиги республикалык кароо-сынакка жөнөтүлүп, өзүнүн жакшы баасын алды.

СЫНАКТАН КАЛБАГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫН БОРБОРУ

Кара-Кулжа райондук К.Калдарова атындагы балдар-өспүрүмдөр чыгармачылык борборунун директору Муса Шокоевдин берген маалыматы боюнча, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Биздин элесибизде бүгүн жана түбөлүккө сакталат” видеороликтердин республикалык сырттан өтүүчү аймак таануу сынагына да активдүү катышып жатышат.

— Сынактын жобосу менен кенен таанышып чыктык. Согуш, Жеңиш, Тынчтык темасындагы окуучуларыбыздын тарткан видеороликтери облустук, республикалык сынактарга катышып келүүдө жана социалдык түйүндөрдө дагы чагылдырылууда. Ошондой эле Улуу Жеңишке арналган окуучулар арасында өткөрүлүп жаткан көркөм окуу жана обондуу ырлардын конкурсуна катышкан Терек-Суу орто мектебинин окуучусу Шайлообек уулу Нургелдинин, Ш.Жээнбеков атындагы интернат-лицейинин 9-классынын окуучусу Маратбек кызы Гүлдананын аткарган чыгармалары республикалык сынакта татыктуу баасын алып, социалдык түйүндөргө жайгаштырылып элдин колдоосуна ээ болууда, — дейт М.Шокоев.

Коомубузга түйшүк алып келген “COVID-19” илдетине байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин окуучуларды дистанттык окутуу жөнүндөгү чечимин кошумча билим берүү мекемелеринин мугалимдери дагы колдоого алып, бул багытта бир катар уюштуруучулук иштерди жүргүзүп келүүдө.

— Бардык мугалимдер сыяктуу эле биздин чыгармачылык борбордун мугалимдери атайын түзүлгөн расписаниенин негизинде өздөрүнүн ийрим сабактарын онлайн режиминде үзгүлтүксүз өтүп жатышат. Кошумча билим берүү мекемелеринин арасындагы “Мыкты онлайн режиминдеги сабак” сынагына дагы катышууга жетиштик. Алсак, “Алтын ийне” ийриминин мугалими Акыбаева Назира, “Кийиз керемети” ийриминин мугалими Өмүрзакова Гүлзаданын, Абдылдаева Апипанын сабактары бул сынакка жөнөтүлдү. Бардык республикалык онлайн тартибинде өткөрүлгөн иш-чаралардан кур калган жокпуз. Маселен, облустук “Биз 21-кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу онлайн режиминде өткөрүлгөн сынакта Б.Исаев мектебинин базасында М.Мамажунусов жетектеген «Моторист» ийриминин окуучусу Уланбек уулу Темурлан “МикроГЭС” аттуу долбоору менен биринчиликти алып, республикага жолдомо алууга жетишти, — дейт директор. — 2020-жылдын апрель айында балдардын республикалык “Балажан” эстетикалык борборунун директору, эл аралык балдарды коргоо уюму болуп эсептелген “ЮНЕСКО” клубунун Кыргызстандагы төрайымы Д.Мусина жетектеген атайын өкүлдөр келип, борбордун акыркы мезгилдеги жүргүзгөн уюштуруучулук иштердин натыйжасын негиз кылып, “ЮНЕСКО” клубуна мүчөлүккө кабыл алып кетишти. Мындай ишенимге ээ болгон биздин педагогикалык жамаат мезгил талабына ылайык өз иштерин уюштуруп, чыгармачылык менен иштөөнү колго алды.

СЫНАКТАН КАЛБАГАН ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫН БОРБОРУ

Баса, Кара-Кулжа райондук К.Калдарова атындагы балдар-өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда 32 ийримге 43 мугалим тартылып, төрт багыттагы усулдук бирикмелерге биригип, 1687 окуучуга билим-тарбия берип келатышат.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер