СЫНАК: РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАККА КАРАЙ КАДАМ

  • 23.04.2026
  • 0

“Жылдын мыкты мугалими – 2026” Талас облустук кароо-сынактын I этабына  (тесттик тапшырмалар боюнча) жалпы 45 мугалим катышты. Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон мугалимдер   II этапка  сабак өтүү бөлүгүнө жолдомо алышты.

СЫНАК: РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАККА КАРАЙ КАДАМ

 

Талас билим берүү усулдук борборунун директору С.Бейшенованын берген маалыматына таянсак, II этапка чыгармачыл, изденген мугалимдер өткөн. Алар: Талас шаарындагы Р.Я.Рысакова атындагы №2орто мектебинин  АЧД сабагынын мугалими Абдыкерим Сейткулов, №5 орто мектептин башталгыч класстын мугалими  Каныкей Мелисбек кызы,  Талас облустук жатак-мектебинен  англис тили сабагынын мугалими Карина Кожокулова, ушул эле мектептен информатика сабагынын мугалими Айнур Баялиева.

СЫНАК: РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАККА КАРАЙ КАДАМ

СЫНАК: РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАККА КАРАЙ КАДАМ

Талас районун алсак, Арашан орто мектебинен башталгыч класстын мугалими Султанбек Сманалиев,  Балбал орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Айдана Алмазбек кызы, К.Каимов атындагы орто мектеби кыргыз тили сабагынын мугалими Айсалкын Токталиева. Ал эми  Бакай -Ата районунан Мамыт уулу Абдырахман атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Уулжан Сманалиева, Капалов Эшимбек атындагы орто мектебинен  орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Айнура Мырзатаева,  Тойчубек уулу Жанадил атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими Дамира Жуманалиева, У.Акынбеков орто мектебинин башталгыч класстын мугалими  Наргиза  Жарашбек кызы. Ошондой эле  Айтматов районунан чыккан мыктылар: Мамат Акымбеков атындагы орто мектебинин англис тили сабагынын мугалими Малика Джунушалиева,  Мамат Акымбеков атындагы орто мектебинен информатика сабагынын мугалими Назира Чолпон кызы, Мамат Акымбеков атындагы орто мектебинин Адам жана коом сабагынын мугалими Алмакан Касымбекова,   А.Сулайманов атындагы орто мектебинин диндердин өнүгүү тарыхы мугалими Гулзат Алымбекова, ушул эле мектептен тарыхчы  Лира Токтогулова,  М.Акымбеков атындагы орто мектебинин физика мугалими Үмүт Торобекова, Т.Бабанов атындагы  жатак-мектебинин математика мугалими Лайлихан Шаршенова, М.Акымбеков атындагы орто мектебинен биология мугалими Замира Муратбек кызы. Ошондой эле Манас районунан Кайыңды орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Ботогөз Жекишова, Акчалов Чынгыз атындагы орто мектебинин физика мугалими Наргиза Дайырбек кызы,  Улукман жатак-мектептен информатика мугалими  Ширин Болотбек кызы, Бала-Саруу орто мектебинен англис тили мугалими Гулира Момунтаева, И.Отунбаев атындагы орто мектебинин биология мугалими Саламат Байызбекова, Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин тарых  мугалими Бактыгул Адамалиева.

СЫНАК: РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАККА КАРАЙ КАДАМ

— Эми 2-этап — предметтик сабактар 13-14-15-майда өтөт. Ал жерден дагы мыкты мугалимдер тандалат, алдыга чыккандар республикага жолдомо алышат. Негизинен облустук тур 21-апрелден – 25-майга чейин өткөрүлөт. Биз күтүп отурбай эле облустук турдун 1-этабын, т.а. тестирлөөнү өткөрдүк, — дейт Салтанат Бейшенова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер