“Сынчыл ой жүгүртүү окутуу усулу катары” аттуу вебинар өтөт

  • 26.06.2020
  • 0

“Сынчыл ой жүгүртүү окутуу усулу катары” аттуу вебинар өтөт

 

Онлайн университетинин Илимий изилдөө лабораториясы 27-июнда  саат 15:00до «Сынчыл ой жүгүртүү окутуу усулу катары» темасында кезектеги вебинарын сунуш кылат.

Вебинардын спикери сын ой жүгүртүүгө жана анын принциптерине токтолуп, анын билим берүү жаатындагы зарылчылыгын айтып берет. Салттуу окутуу усулдары менен сын ой-жүгүртүүнүн ортосундагы өзгөчөлүк эмнеде экендигине кайрылат. Сынчыл ой жүгүртүү усулдарынын негизиндеги окуу процессинин үч баскычында эмнелер камтылгандыгы жөнүндө маалымат берет.

Иш-чаранын спикери — Тынаркүл Шейшеевна Рыскулова, филология илимдеринин кандидаты, Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин доценти.

Белгилей кетсек, Тынаркүл Рыскулованын кыргыз тилине, адабиятына, Манас таануу илимине арналган бир нече китеби жарык көргөн. Балдарга, студенттерге жана окутуучуларга арналган бир катар тренингдердин долбоорун иштеп чыгып, өткөргөн. АКШдагы Индиана университетинин жана Канзас университетинин Антропология багытындагы курстарды иштеп чыккан. Ошондой эле сынчыл ой жүгүртүү усулдары боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

 

 

 

Шилтемеси: https://zoom.us/j/99211199736?pwd=MW13V3ZPTEJlbWU5ZUk4Nnorekovdz09

 

Конференциянын идентификатору:  992 1119 9736

Паролу: 708768

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Инстаграм: onlineuniversity.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

 

Бөлүшүү

Комментарийлер