СЫЙЛЫК ЖАЛКЫ — СЫЙМЫК ЖАЛПЫ
- 15.11.2018
- 0
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин деканы, “Мугалим” журналынын башкы редактору Рахат Сулайманова «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фондунун 10 жылдыгына арналган «Жылдын эң кайрымдуулары» сынагында «Эң кайрымдуу мугалим» номинациясына татыды.
Рахат Токтогуловна, алган сыйлыгыңыз кут болсун! Сиз бул наамга татыктуусуз. Өлкөбүздүн мугалимдерине колдоо көрсөтүп, алар үчүн жасап жаткан иштериңиз нар көтөргүс. Ошол эле мезгилде сиз эң мыкты мугалимсиз. Бекеринен ар бир окуткан студенттериңиз сизди энесиндей көрөт. Анткени сиз канчалаган жаштардын үмүтүн жандырып, шыгына шык, демине деп кошуп, алар үчүн ийгиликтүү турмуш чыйырын түздүңүз. Канчалаган чыгармачыл мугалимдин жылдызын жандырып, педагогдук кесипке болгон сүйүүсүн арттырдыңыз. Элдин берген баасы, бардык сыйлыктардан жогору турат. Бул сыйлык — жүрөктөн берилип жасаган эмгектин баасы!
«Мугалим» журналынын эмгек жамааты
Комментарийлер