СВЕРДЛОВ РАЙОНУНДА МЕКТЕП ЛИГАСЫНЫН МЫКТЫ КОМАНДАЛАРЫ АНЫКТАЛДЫ
- 03.11.2026
- 0
Бишкек шаарынын Свердлов районунда Мектеп лигасынын алкагында окуучулар арасында жеңил атлетика жана кичи футбол боюнча мелдештер болуп өттү.
«Алга» стадионунда 2011-жылы туулган жана андан кичүү окуучулар арасында өткөн жеңил атлетика боюнча мелдешке райондогу 16 мектептин командасы катышты. Мелдештин жыйынтыгында кыздар арасында №12 мектеп 1-орунду ээлесе, кийинки байгелүү орундарды №16, №46 жана №51 мектептер ээлешти. Ал эми балдар арасында баш байгени №105 мектеп багындырып, №67, №12 жана №53 мектептер алдыңкы төрттүккө киришти. 
Мындан сырткары, 32 мектептен 460 окуучу катышкан кичи футбол мелдеши да жыйынтыкталды. Тартыштуу өткөн оюндардын жыйынтыгында №38 мектептин командасы 1-орунду камсыздап, кийинки орундарды №5 гимназия, №16 жана №4 мектептердин окуучулары ээлешти. 
Белгилей кетсек, Мектеп лигасы спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлүп келет. Алардын катарында бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, стол тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат бар. Мектеп спортун өнүктүрүүгө жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталган бул мелдештердин райондук баскычындагы жеңүүчүлөрү Мектеп лигасынын шаардык этабына катышууга укук алышты.