СУЗАКТЫК ОКУУЧУЛАРДЫН ИЙГИЛИГИ
- 01.11.2026
- 0
Жакында Ташкентте менталдык арифметикадан А деңгээли боюнча дүйнөлүк олимпиада болуп, анда сузактык окуучулар зор ийгиликке жетишти.

Окуучуларды Сузак районундагы №83 З.Жамашев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими Бактыгүл Акматова жетектеп барды.
— Менталдык арифметикадан курс ачып, окуучулар менен иштеп, төрт окуучуну Ташкентке эл аралык олимпиадага алып барып келдик. Жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Супер чемпиондук 1-2-орун үчүн Дубайга 30 долларык скидка ваучер утуп алдык . «Эл аралык деңгээлдеги тренер» деген дипломго ээ болдук. Окуучулар кубок, медаль, грамата, белектер менен сыйланышты, — дейт Бактыгүл Абдыкадыровна.

Айта кетсек, «Рост Сузак» окуу борбору
Сузак районундагы мектептер менен тыгыз иш жүргүзөт. Окуу борборунун окуучулары коңшулаш өлкөлөр менен биргеликте өтүүчү олимпиадага байма бай катышып келишет.
Ташкенттеги олимпиадада Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Ачы айылындагы №83 З.Жамашев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен 7-класстын окуучулары Камчыбекова Аруузат, Искендербекова Раяна, 4-класстын окуучусу Аттокуров Хамза,
3-класстын окуучусу Жусупалиев Абубакир 1-орунду ээлеп, медаль, грамата, баалуу белектер менен сыйланышты. Аттокуров Хамза Дубайга 30 долларлык скидкасы менен ваучер утуп алды.

Бул билим сапары ата-энелердин колдоосу менен ишке ашып, таймаш Өзбекстан, Казакстан,Тажикистан, Каракалпакстан жана Түркиянын мектеп окуучуларынын арасында уюштурулду.
А.АЛИБЕКОВ