СУЗАКТА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ САХНАДА СЫНАЛУУДА
- 15.03.2018
- 0
Сузак районунда мектеп окуучуларынын билимдери жана жетишкендиктери сахнада сыналууда. Анткени бул райондо өткөрүлүп жаткан «Акыл ордо» сынагы күн сайын кеңейип, мындай иш чараларга кеңири жол жана колдоо көрсөтүлүүдө.
«Акыл ордо» билим таймашы алгач айыл аймактарындагы мектептер ортосунда өткөрүлдү. Ушул жумада Сузак айылындагы окуучулар үчүн болгон сынакта №16 С.Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби 140 упай менен 1-орунду ээледи. Учурда окуучулардын райондук деңгээлде өтүүчү финалдык мелдешке даярданып турган кези.
Мындай иш чаралар жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жаңыдан түзүлгөн «Сузак Жаштарынын Демилгелери» фонду тарабынан ишке ашырылууда. Фонддун президенти Шерзад Умарбеков «Окуучулардын билимге умтулуулары үчүн дагы бир натыйжалуу болгон жол ойлоп таптык, бул – билим сынагы. Анткени алар, жеңилбөө үчүн изденишет жана билимин тереңдетүүгө умтулушат», — дейт.
Умида НАЖИМИДДИНОВА
Комментарийлер