СУЗАК: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ БАШТАЛАТ

  • 06.08.2026
  • 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Булак айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы, заманбап мектептин курулушу толугу менен аяктады. Объект Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан курулуп, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды. Долбоордун жалпы наркы 99 миллион сомду түздү. Мектептин курулуш иштери 2025-жылы башталган. Бүгүнкү күндө эки кабаттуу имарат толук бүтүп, анын айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө.СУЗАК: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕ БАШТАЛАТЖалпы аянты 1281 чарчы метрди түзгөн заманбап мектепте окуу класстары, атайын лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгек кабинеттери, дарыгердин бөлмөсү жана бардык керектүү шарттары менен жабдылган спорт залы каралган. Жаңы билим уясын жакынкы жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берүү пландалууда.Бул долбоор аймактагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана айыл балдарынын сапаттуу билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер