СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮНДӨГҮ МЕКТЕПКЕ 12 КОМПЛЕКТ КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНИКА БЕРИЛДИ
- 16.09.2021
- 0
15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтүнө караштуу Кожомкул айылындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектепке жалпы баасы 407 928 сомдук акыркы үлгүдөгү 12 комплект компьютер (процессор, монитор, клавиатура, наушник) тапшырылды.
Эске сала кетсек, өлкөнүн билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ушул жылдын май-июнь айларында аймактарга жасаган иш сапары учурунда Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерди кыдырып, мугалимдер жамааты жана айыл тургундары менен жолугушкан эле. Жолугушуулардын биринде аталган мектептин мугалимдери маалымат технологиялары өнүгүп жаткан заманда мектепте бир дагы компьютер жоктугун, компьютердик класс аңгырап бош турганын айтып, ушул көйгөйдү чечип берүүнү министрден өтүнүшкөн. Б. Купешев 2021-2022-окуу жылын баштоо алдында Сапарбек Мырзакматов атындагы мектептин компьютердик классын керектүү сандагы компьютердик техника менен жабдууну убада кылган.
Алыскы аймактардагы мектептерди колдоо максатында министрлик тарабынан берилген компьютерлерди мекеменин басма сөз катчысы Самат Тоялиев тапшырды.
Иш-чарага мектептин администрациясы, мугалимдери жана жогорку класстын окуучулары катышышты.
КР БИМ басма сөз кызматы
Комментарийлер