Суучулдар Ысык-Көлдөн 188 күндө 22 миң килограммдан ашык таштанды чыгарышты
- 23.10.2023
- 0
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 23-октябрга караган түнү балыкчылардын торлорун чириген балыктары менен кошо Ысык-Көлдөн чыгарышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми тазалоо башталгандан тарта суучулдар Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 441 кг ар кандай таштанды жана 123 350 метр тор тазалашкан.
Суучулдар учурда Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыктарды таштандылардан арылтышууда.
Алар буга чейин 21-октябрда көлдүн түбүн тазалоо иштерин жүргүзүп, балык кармоочу торлордон жана ар кандай таштандылардан арылтышкан. Тактап айтканда, тазалоонун 188-күнүндө көл аянтынын 12 988 гектарын тазалап, 2800 метр тор алып чыгышкан.
Бөлүшүү
Комментарийлер