СУУ СЫЙЛАГАН ЗОР БОЛОР

  • 13.10.2021
  • 0
СУУ СЫЙЛАГАН ЗОР БОЛОР

Социалдык обьекттилерден сырткары АРИС Панфилов районунда райондук суу чарба башкармалыгына караштуу «Сай» чарбалар аралык каналын оңдоо-калыбына келтирүү иштерин колдоого алды.

СУУ СЫЙЛАГАН ЗОР БОЛОР

Бул чакан долбоордун максаты айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн райондун суу керектөөчүлөрүнө сугат сууну өз учурунда жана үзгүлтүксүз берүү үчүн «Суу» чарбалар аралык каналын оңдоону жана калыбына келтирүүнү жүргүзүү болуп саналат.
Бул долбоордун жалпы суммасы 25 266 396 сомду түздү.

— Долбоордун алкагында каналдын 4 чакырымы бетондолуп, калган 2,7 чакырымына таш төшөлдү. Бул суунун сиңип кетишин алдын алат. Канал 2564 гектар жерди сугарууга пайдаланып, төрт айылдан төрт жүз кожолукту суу менен камсыздайт, — дейт райондук суу чарба башкармалыгынын адиси Сарымсаков Нарынбек.

Маалымат үчүн: АРИСтин «Айылдарды өнүктүрүү» долбоору Чүй облусунун Кемин, Жайыл жана Панфилов райондорунда ишке ашырылып келет. Долбоордун максаты — жакырчылыкты жоюу жана коомчулуктарда аялдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Долбоордун бюджети — 11 млн. АКШ доллары. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү — 2017 — 2021жж.

#АРИССынак

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер