СУРГУТ МУНАЙ ТЕХНИКУМУ КЫРГЫЗСТАНДЫН АБИТУРИЕНТТЕРИНЕ ТАКАЙ ОКУУ ЖАНА СЫРТТАН ОКУУ ФОРМАСЫНА ТАПШЫРУУНУ СУНУШТАЙТ
- 29.04.2021
- 0
Сургут мунай техникуму («Югор мамлекеттик университети» федералдык мамлекеттик бюджеттик жогорку билим берүү мекемесинин филиалы) Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине төмөндөгү даярдоо багыттары боюнча такай окуу жана сырттан окуу формасына тапшырууну сунуштайт:
— Монтаж, технологиялык тейлөө жана өнөр жай жабдуусун оңдоо (тармактар боюнча);
— Мунай кудуктарын (скважина) бургулоо;
— Мунайды жана газды кайра иштетүү;
— Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо;
— Химиялык бирикмелерди аналитикалык контролдоо технологиясы;
— Автомобилдердин кыймылдаткычтарын, системаларын жана агрегатын техникалык тейлөө жана оңдоо.
Кабыл алуу өнөктүгүн өткөрүү мөөнөттөрү:
такай окуу формасы боюнча 2021-жылдын 18-июнунан 15-августуна чейин;
сырттан окуу формасы боюнча 2021-жылдын 19-июлунан 25-августуна чейин.
Толугураак маалыматты [email protected] электрондук дареги же + 7 (3462) 45-76-11/45-76-17/45-76-09 номерлери аркылуу университетке түз кайрылып алууга болот.
Комментарийлер