СУРАБАЛДИЕВА ӨЛКӨНҮН ИРИ ЖЕКЕ МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРЛОРУНУН ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ.

  • 18.11.2020
  • 0

Вице-премьер-министр жеке сектор өкүлдөрүн COVID-19  пандемиясынын шартында вируска каршы күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды бирдиктүү чечүүгө чакырды.

«Алдыда пандемиянын экинчи толкуну болжолдонууда, учурда аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал кооптонууну жаратууда. Биз жалпы маселелер боюнча үзгүлтүксүз байланышта болуп, бирдиктүү аянтчаны түзүп алуубуз зарыл. Бүгүн биз жеке сектордун үнүн, көйгөйлөрүн угалы дедик, мамлекетик органдар тарабынан кандай тоскоолдуктар жаралып жаткандыгы тууралуу айтыңыздар. Эгерде мындай нерселер орун алып жаткан болсо, аларды ыкчам түрдө чечүү зарыл. Бардыгын ачык айтыңыздар, ал эми Өкмөт өз кезегинде кызматташууну жөнгө салуу үчүн колдон келген күч-аракетин жумшоого даяр. Алдыда чогулган көйгөйлөрдү тегерек стөл үстүндө чечүү максатында мамлекеттик органдар жана жеке тармак өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландаштырылууда», — деди ал.

СУРАБАЛДИЕВА ӨЛКӨНҮН ИРИ ЖЕКЕ МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРЛОРУНУН ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ.

Ошондой эле вице-премьер-министр медициналык  изилдөөлөргө, анын ичинде томографиялык  текшерүүгө карата баалардын жеткиликтүүлүгү маселесин козгоп өттү.

«Учурда курч респиратордук жугуштуу оорулар күч алып, ал COVID-19 пандемиясы менен дал келген мезгилде биз жеңилдик берүү, анын катарында дарыгерлерге жеңилдик берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулообуз зарыл. Биз медициналык кызматкерлерди колдоого алуунун бардык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуубуз керек», — деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева.

СУРАБАЛДИЕВА ӨЛКӨНҮН ИРИ ЖЕКЕ МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРЛОРУНУН ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр жеке сектор өкүлдөрүнө өз-ара кызматташтыкты, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү медициналык тейлөөлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерди киргизүүсүн сунуштады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер