СУРАБАЛДИЕВА ЧҮЙ ОБЛУСУНДАГЫ БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ ОБЬЕКТИЛЕРИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 06.01.2021
  • 0

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй райондук балдар чыгармачылык борборунун иши менен таанышты, анда 19 ийримде 700 ашуун бала тарбияланат. 

Эльвира Сурабалдиева ошондой эле Токмок агроөнөржай колледжинин бош турган имараттарын кыдырып чыкты.

Колледждин бир имаратын интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жатакана катары кайрадан түзүп чыгуу, ал эми экинчисин балдар билим берүү борборуна берүү пландаштырылууда.

«Биз үчүн негизгиси – имараттар жөн гана бош турбастан, жакшы максатта кызмат кылуусу керек. Ал медицина, билим берүү, социалдык тармактын кызматкерлери, же балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн турак-жай, же билим берүү борбору катары пайдаланылышы мүмкүн. Бул маселелерди иштеп чыгуу зарыл», — деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева жана жергиликтүү бийлик жана тармактык мамлекеттик орган өкүлдөрүнө тийиштүү тапшырмаларды берди.

Андан соң ал катаал турмуштук абалда калган балдар үчүн кризистик борборду ачуу пландаштырылып жаткан «Затейник» балдар борборуна барды.

Тармактык түзүмдөргө балдар борборунун жетекчилигине келип чыккан маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү, имаратты Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү процессин тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын жүрүшүндө Эльвира Сурабалдиева Ысык-Ата районундагы кышкы спорт түрлөрү боюнча балдардын спорттук мектебине барды.

Вице-премьер-министр тийиштүү органдарга мекемени спорт комплекси катары кайрадан түзүү жана аны Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер