СУРАБАЛДИЕВА БОРБОРДОГУ № 19 ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

  • 20.01.2021
  • 0
СУРАБАЛДИЕВА БОРБОРДОГУ № 19 ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы № 19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылыш салтанатына катышты. 

Белгилесек, кошумча корпустун курулушу 2020-жылы Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча башталган. 198 орунга эсептелген долбоордун жалпы наркы 45 миллион сомдон ашуун сумманы түздү.

СУРАБАЛДИЕВА БОРБОРДОГУ № 19 ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

Мектептин кошумча эки кабаттуу корпусунда 8 окуу кабинети, китепкана, хореографиялык зал, 20 компьютер жана интерактивдик панель менен жабдылган электрондук китепкана каралган.

СУРАБАЛДИЕВА БОРБОРДОГУ № 19 ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билим берүү обьктилеринини курулушунун маанилүүлүгүн белгиледи.

СУРАБАЛДИЕВА БОРБОРДОГУ № 19 ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

«Билим берүү жана саламаттык сактоо объектилеринин абалы – тийиштүү чечимди жана бюджеттен каржыланууну талап кылган курч маселелердин катарына кирет. Пандемияга байланыштуу, тилекке каршы, айрым билим берүү обьктилеринин курулушун каржылоо боюнча кыйынчылыктар жаралды. Бирок Өкмөт курулушу 70%дан ашуун бүткөрүлгөн мектептердин курулушун жыйынтыктоого, ошондой эле авариялык абалдагы мектептерди оңдоо үчүн каражаттарды табуу маселеси үстүндө артыкчылыктуу иш алып барууда. Мен жергиликтүү бюджет эсебинен курулган № 19 орто мектептин жаңы окуу корпусунун ачылышына катышып жаткандыгыма абдан кубанычтамын. Пандемияга жана башка объективдүү себептерге карабастан, жаңы блоктун курулушу жыйынтыкталып, анда балдардын билим алып баштагандыгы сүйүнүчтүү. Мында балдарды өнүктүрүү үчүн мыкты шарттар түзүлгөн», — деди ал.

СУРАБАЛДИЕВА БОРБОРДОГУ № 19 ОРТО МЕКТЕПТИН ЖАҢЫ ОКУУ КОРПУСУНУН АЧЫЛЫШ САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер