СУЛТАН РАЕВДЕН БЕЛЕК

  • 18.07.2023
  • 0

Кечээ, 17-июль күнү, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, түрк тилдүү өлкөлөрдүн эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев биздин редакцияга баш бакты.

СУЛТАН РАЕВДЕН БЕЛЕК

 

Ал “Кут Билим” медиа борборунун деректири Кубат Чекиров менен баарлашты. Биздин гезиттин кызматкери, адабиятчы Жолдош Турдубаевге өзүнүн “Топон” жыйнагын тартуулады.

СУЛТАН РАЕВДЕН БЕЛЕКСУЛТАН РАЕВДЕН БЕЛЕК

 

Азыркы кезде ооруп жаткан жазуучу Мирзохалим Каримовго ыйгарылган Түрксой медалын өз колу менен тапшырууга убактысы тар болгондуктан, муну ишке ашыруу милдетин да Ж. Турдубаевге жүктөдү.

СУЛТАН РАЕВДЕН БЕЛЕК

 

Айгерим Токтобаева

Бөлүшүү

Комментарийлер