СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 18.05.2023
  • 0

Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Суициддин алдын алуунун ыкмалары жана тиешелүү факторлору” аталышында республикалык тегерек стол болуп өттү.

СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чара окуу жайдын гуманитардык факультетинин социалдык иштер жана коомдук илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага социалдык чөйрөнүн адистери, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери катышты.

Тегерек столду университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып, учурдун урунттуу көйгөйү “суицид” боюнча өз баамдоолорун айтып, жаштарды ар бир жагдайга чыдамдуу болуп, жаркын жашоого ар дайым мүмкүн экенин белгиледи.

Иш-чараны тегерек столдун баяндамачылары улап, алар эвтаназия, суициддик нраванын социалдык, психологиялык көйгөйлөрү, суициддин келип чыгуу факторлору жана аны алдын алуу боюнча өз макалаларын окуп беришти. Мындан сырткары дал ушул тармакта жүргүзүлгөн экспертизалар көрсөтүлүп, статистикалык маалыматтар айтылды.

Соңунда катышуучулардын ортосунда талкуу жаралып, бир канча суроолор узатылып, тийиштүү адистер тарабынан жооптор алынды. Мында жарандарды өз жанын кыюудан оолактатуу, аларга психологиялык жактан колдоо көрсөтүү маселелери козголду.

СУИЦИДДИН АЛДЫН АЛУУ ЧАРАЛАРЫ ТЕГЕРЕК СТОЛДО ТАЛКУУЛАНДЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер