СУҢШИЛ УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ОШТУДА
- 22.04.2026
- 0
Ош технологиялык университетине Сеул шаарындагы Суңшил университетинин Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Лим Соң Ын айым жана кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Чон Се Ён мырза иш сапары менен келишти.
Конокторду Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Иш сапардын негизги максаты — ушул жылдын февраль айынан тартып “7+1” программасынын алкагында университетте корей тилин окутуп жаткан ыктыярчы окутуучулар Чой Чживон жана Пак Минхёктун ишмердүүлүгү менен таанышуу, студенттер жатаканасындагы жашоо шарттарды жеринен көрүү жана баалоо, ошондой эле алдыдагы жайкы лагерди уюштуруу боюнча кызматташтык маселелерин талкуулоо болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташууну кеңейтүү, студенттердин тил үйрөнүүсүнө шарт түзүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында пикир алышышты.
Сапардын жыйынтыгында эки университеттин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашууларга жетишилди.
ОшТУнун басма сөз кызматы.






Комментарийлер