СТУДЕНТТИК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ

  • 04.04.2023
  • 0

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жетекчилиги менен май айында Ташкенттеги Өзбек мамлекеттик искусство университетинде студенттик театрлардын фестивалы болот. Ал фестивалга Азербайжан, Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан Республикаларындагы искусство университеттеринин студенттик театрлары катышат.

СТУДЕНТТИК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫ

Б.Бейшеналиева атындагы  КММИУнун ректору Түмөнбай Колдошовдун маалыматына таянсак, окуу жайдын театр факультетинин 3-4-5-курстарынын студенттери спектаклдерди даярдап, окутуучуларга, администрацияга көрсөтүштү.

—  Ар бир курстун артыкчылыктары бар, студенттердин аракеттери күч. Э.Бекболиев, Э.Чалабаев, М.Мамбетов, Т.Бообекова, К.Сейдалиева, Ж.Кулманбетовдор  башында турган команда баарын көрүп, талкууладык. Эми эң мыктысын дагы жакшы даярдайбыз. Анткени, эл аралык чоң фестивалда Кыргызстандын атын даңазалайбыз. Курс жетекчилерине, ассистенттерге ийгилик, ал эми таланттуу студент досторго болсо тынымсыз аракет, эргүү каалайм! – деп жазган өз баракчасында ректор.

КММИУ — кыргыз театр искусствосуна кесипкөй кадрларды даярдаган университет!

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер