Студенттик стартап 5000 еврого ээ болду

  • 30.04.2025
  • 0

Борбордук Азиянын 700дөн ашык студентин бириктирген Central Asia Startup CUP 2025 эл аралык форумунун алкагында  өткөн “Startup Battle” конкурсунда Ала-Тоо” Эл аралык университетинин студенти алдыңкы орунга ээ болду.  

Студенттик стартап 5000 еврого ээ болду

“Startup Battle” конкурсуна 100дөн ашык стартап катышты. Nomado.ai командасы өз долбоорун ийгиликтүү сунуштап, стартапты илгерилетүү жана кеңейтүү үчүн 5000 евро жеңип алды. Долбоор жасалма интеллектке негизделген платформа, ал чет өлкөлүк туристтер үчүн турларды ыңгайлуу ээлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Nomado.ai долбоору АЭУнун 3-курсунун студенти Эламан Токтошев тарабынан түзүлгөн.

Студенттик стартап 5000 еврого ээ болду

Форумда стартаптар, венчурдук жана ангелдик инвесторлор, корпорация өкүлдөрү, менторлор, мамлекеттик жана эл аралык өнөктөштөр чогулуп, технологиялардын келечеги, тажрыйба алмашуу жана жаңы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Инновациялык иштеп чыгуу жана изилдөөлөр борбору АЭУда ийгиликтүү долбоорлорду өнүктүрүү жана инновациялык демилгелерди колдоо боюнча стартап экосистемасын түзүү боюнча активдүү иштерди улантууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер