ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДА

  • 27.02.2024
  • 0

ОшМУнун эл аралык медицина факультетинде Ч.К.Калканбаева атындагы акушердик, гинекология жана неонатология боюнча IV эл аралык студенттик олимпиада өттү.

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДА

Эл аралык олимпиадада Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан келген 11 команда өз билимдерин сынашты.

Олимпиаданы окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков ачып, окуу жайдагы медициналык билим берүүгө түзүлгөн шарттар, медициналык клиникалар боюнча маалымат берди.

Олимпиада үч этап менен өттү. Биринчи этапта «Коопсуз төрөт» видео визиттик карточкалары менен командалар саламдашып, “Биз көкүрөк рагына каршыбыз» деген темада чыгармачылык үй тапшырмаларын аткарышты. Экинчи этапта командалар Kahoot платформасын колдонуу менен акушердик, гинекология жана неонатология боюнча тесттик суроолорго жана ситуациялык тапшырмаларга жооп беришти. Олимпиаданын практикалык бөлүгүндө DIMEDUS платформасынын муляждары, симуляторлору жана виртуалдык бейтаптары боюнча студенттер акушердик жана гинекология тармагында өздөрүнүн клиникалык көндүмдөрүн көрсөтүштү.

ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТИК ОЛИМПИАДА

Жыйынтыгында, калыстардын чечими менен ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин “Доктор OG» командасы 1-орунду, 2-орунду  Андижан мамлекеттик медициналык институтунун  «Emadus» менен ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин  «Maternity Masters» командалары, 3-орунду Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун  «Босс-молокосос», И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  «Апостолы» жана ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин  “Умай” командалары ээледи.

Жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор, ыраазычылык каттар, баалуу белектер тапшырылды.

Эл аралык олимпиада ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин “Клиникалык дисциплиналар 2” кафедрасы тарабынан уюштурулду.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер