СТУДЕНТТИК “АКЫЛ ОРДО” ОЮНУ

  • 22.11.2018
  • 0

21-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун факульеттери арасында  студенттердин  “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну болуп өттү.

Иш-чара окуу жайда өтүп жаткан Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата үч айлыктын алкагында өткөрүлдү. Аны окуу жайдын Жаштар комитети жана Кыргыз-Россия факультети  уюштурду. Оюнда командалар жалаң Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармалары боюнча суроолорго жооп беришип, өздөрүнүн билим күчүн сынашты.

Оюнга жалпы алты команда катышып, жобого ылайык үч турдун негизинде таймашуу менен жыйынтыгында байгелүү 3-орунду Кыргы-Россия факультети, 2-орунду Колледждин студенттери, ал эми башкы 1-орунду табият таануу жана география факультети ээлеп, жеңүүчүлөргө уюштуруу тобунун сыйлыктары, диплом жана китептер тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер