СТУДЕНТТЕРДИН “ЖАШЫЛ” ИШКАНАЛАРГА САЯКАТЫ

  • 24.10.2024
  • 0

Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу институтунун студенттик командасы «Жашыл толкун» республикалык сынагынын жарым финалына өттү.

Долбоордун алкагында экология багытында иш алып барган жалпысынан сегиз команда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун алдыңкы ишканаларында практикалык семинарга жана экскурсиялык турга катышты.

Студенттер экскурсиянын алкагында Бишкек жана Чүй облусундагы “Маткасымов» өндүрүштүк компаниясына (Маевка айылы), KazEco ЖчК (Бишкек ш.), Сити Отель (Бишкек ш.), Green City (Бишкек ш.), Би Компазит (Сокулук), Ысык-Ата ГЭСи (Ысык-Ата курорту), ОсОО «Н-Тек» (Бишкек ш.) сыяктуу «жашыл» ишканаларга барышты.

Экскурсиянын максаты — ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин бизнес чөйрөсүнө “жашыл көндүмдөр” боюнча стартап долбоорлорун иштеп чыгуу, чечимдерди сунуштоо.

Студенттердин жашыл капчыгайлар аркылуу Бишкектен 78 км алыс жайгашкан Ысык-Ата ГЭСине жөө жүрүшкө чыгуусу унутулгус элестерди калтырды. Аларга айрыкча кичинекей изумруд тоо көлү жана чакан ГЭСи (кеңсе, турбиналар, башкаруу пульту ж.б.) кызыктуу болду.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер