СТУДЕНТТЕРДИН ПРАКТИКАСЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 13.12.2021
  • 0
СТУДЕНТТЕРДИН ПРАКТИКАСЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

И. Арабаев атындагы КМУда студенттердин практикалык иши боюнча «ЖОЖдун студенттери үчүн практикаларды кесиптик компетенцияларды калыптандыруунун негизи катары камсыздоо» деген аталыштагы эл аралык илимий практикалык конференция болуп өттү.

Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинен өкүлдөр, Бишкек шаарындагы орто мектептердин, лицейлердин директорлору, мугалимдер, КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жетектеген ректораттын мүчөлөрү, факультет декандары, кафедра башчылары, педагогика кафедрасынын мүчөлөрү катышты.

Иш-чара Архангельск шаарынын башкаруу институту, Ж. Баласагын атындагы КУУнун кадрлардын кфалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо факультети тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер