СТУДЕНТТЕРДИН ОНЛАЙН ПРАКТИКАСЫ

  • 11.05.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогикалык багыттагы адистиктерде билим алып жатышкан 2- курстардын студенттери учурда адаптациялык онлайн практикадан өтүп жатышат.

СТУДЕНТТЕРДИН ОНЛАЙН ПРАКТИКАСЫ

Студенттер өздөрүнө бекитилген мектептер менен байланышып, класс жетекчилер түзгөн тарбиялык пландын негизинде кызыктуу темаларда видеопрезентация жасоону үйрөнүшүүдө.

СТУДЕНТТЕРДИН ОНЛАЙН ПРАКТИКАСЫ
Университеттин физикалык-математикалык билим берүүнүн технологиялары факультетинин 2-курсунун студенти Молдошова Нурпери «Зомбулук — коомдун вирусу» деген темада видеопрезентация даярдаган.
— Коомдогу көп бактысыз адамдардын катмарын бала чагында зомбулук көргөн жаштар түзөт, — дейт Нурпери.

СТУДЕНТТЕРДИН ОНЛАЙН ПРАКТИКАСЫ

Малабай кызы Нурзаттын тарбиялык иштелмеси «Убакыт акчадан кымбат» деп аталат. Нурзат да ушул эле факультеттин 2-курсунда окуйт. Ал өзүнүн презентациясында «убакыт» физикалык жана философиялык түшүнүк экенин белгилеп, акчага болсо, бир нерсе сатып алууга болорун айтат.

СТУДЕНТТЕРДИН ОНЛАЙН ПРАКТИКАСЫ
— Акчаны тапса болот. Өткөн убакытты кайтарып алалбайсың. Ошондуктан азыртан убакытты туура пайдаланууга үйрөнөлү, — деп кайрылат Нурзат өспүрүмдөргө.

Биология жана химия факультетинин 2-курсунун студенти Талантбекова Нурайым Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинин 6″ж» классынын окуучулары менен чогуу Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата аралыктан таасирдүү тарбиялык саат уюштурду.

Студенттердин кесипкөйлүгүн арттырган бул адаптациялык практикага Педагогика кафедрасынын окутуучулары активдүү катышып, факультеттердин методисттери менен биргеликте болочок кесип ээлерине иштиктүү жардам берүүдө.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер