СТУДЕНТТЕРДИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛИ КАНЧАЛЫК?

  • 14.10.2019

Дал ушул суроонун негизинде жана Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган декаданын алкагында  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Жаштар комитети тарабынан “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну уюштурулду.

СТУДЕНТТЕРДИН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ДЕҢГЭЭЛИ КАНЧАЛЫК?

Мында окуу жайдын ар бир факультетинен тандалып алынган студенттерден түзүлгөн алты команда ат салышты. Оюн жобого ылайык  жалпы суроо, тест менен иштөө, категория тандоо багыттары боюнча болуп, студенттер өздөрүнүн билим деңгээлин, логикалык ой жүгүртүүсүн  жана акыл чабытын жогорку деңгээлде көрсөтө алышты.  Ар бир суроого топ менен биргеликте иштеп, ынтымакты сактоо менен жооп берип, дагы бир ирет буга чейинки алган билимдерин сынай алышты.

Жыйынтыгында 3-орунга  Кыргыз-Россия факультети, 2-орунга математика жана компьютердик технологиялар факультети, 1-орунга гуманитардык факультети  жетишти.

Бөлүшүү