«СТУДЕНТТЕРДИН ЧЫГАРМАЧЫЛ АЛЬЯНСЫ — 2019»
- 18.12.2019
- 0
17-18-декабрда Ош технологиялык университетинде автоунаа факультети тарабынан СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ырысбай Төлөновдун чыгармачылык эмгектеринин жана графикалык дизайн адистигинде окуган студенттердин «Студенттердин чыгармачыл альянсы — 2019» аттуу чыгармачылык сүрөт көргөзмөсү өттү.
Иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери катышты. Көргөзмөдө сүрөтчүлөрдүн бардык эмгектери көрүүчүлөрдүн назарына коюлуп, мыкты чеберчилик менен тартылган сүрөттөр көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, ыраазычылык сөздөр айтылды.
Жыйынтыгында 1-орунду дизайн-1-17 тайпасы, 2-орунду дизайн-1-16 тайпасы, 3-орунду дизайн-1-19 тайпасы камсыз кылып, мыкты сүрөтчүлөрдөн Тобанов Баяман, Темирбаева Сымбат, Закиров Майрамбекке университеттин ректору Абдыкадыр Абидов тарабынан акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланды.
Комментарийлер