СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ
- 27.10.2025
- 0
Ош технологиялык университетинин Инновациялык маалымат технологиялар институтунун колдонмо информатика кафедрасында студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.
Мындай жолугушуунун максаты — ата-энелерге студенттердин окуу процесси, жетишкендиктери жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берүү болду.
Жолугушууда кафедра окутуучулары ата-энелерге студенттердин окуу программалары, сабактарга катышуусу, ийгиликтери жана кемчиликтери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле сессиялык рейтингдер, академиялык мобилдүүлүк программалары, иш берүүчүлөр менен кызматташуу жана бүтүрүүчүлөрдү жумушка орноштурууга байланышкан маселелер да кеңири талкууланды.
Мындан сырткары, ата-энелерге ОшТУнун электрондук порталынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, үйдөн чыкпай эле студенттин сабак жадыбалы, окууга катышуусу, сессиялык көрсөткүчтөрү жана окуу төлөмдөрү боюнча маалыматты онлайн режимде көзөмөлдөө жолдору көрсөтүлдү.
Жолугушуунун соңунда ата-энелер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, кафедра окутуучуларынан кеңири жооптор алышты.
ОшТУнун басма сөз кызматы.





Комментарийлер