СТУДЕНТТЕР ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ КАРАТА АНИМАЦИЯЛЫК ЧЫГАРМА ЖАРАТЫШТЫ
- 30.04.2020
- 0
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Кыргыз мамлекеттик курулуш жана транспорт университетинин студенттери “БААТЫР” аттуу чакан анимациялык чыгарма жаратышты.
Учурда университетте Улуу Жеңишке арналган тематикалык онлайн сабактар байма-бай өткөрүлүүдө. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Күмүшай Курманалиеванын жетекчилиги менен Архитектура жана дизайн институтунун студенттери алгач “Баатыр” темасында онлайн-конференция өтүшүп, андан соң студенттер тандап алган теманын маанисин интерактивдүү жолдор менен ачууга аракет жасашты.
Студенттер орус тилдүү болгондуктан өтө татаал эмес тема тандалган. Тексттин мазмунун Рубин Кристина ардагер чоң атасынан уккандарынын негизинде жазып чыккан. Аны кыргыз тилине Шакирова Айтурган которгон. Ал эми негизги кызыктуу кадрларды компьютердик графикалык чиймелер аркылуу ар бирин өз-өзүнчө Paint TooI SAI программасы менен, андан соң телефондон InShot жүктөмү менен бириктирип чыгышкан. Кадрларды ирети менен чогултуу, музыка ж.б. коюу сыяктуу жоопкерчиликтүү жактарын Ибраева Бегимай аткарган. Текстти Сарбагышева Айтунук көркөм окуган.
Бул студенттердин адистиги архитектура жана дизайн багытында болгондугуна карабастан жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүүгө жетишишти.
Комментарийлер